Жогорку Кеңеш: Жантөрө Сатыбалдиевге кылмыш ишин козгоо сунушталууда

Парламенттин 23-октябрдагы жыйынында депутат Эркин Алымбеков "Кумтөр" боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдөгү аракеттери үчүн өкмөт башчыга кылмыш ишин козгоо сунушун башкы прокурор Аида Саляновага айтты. Депутаттын айтымында, Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча "Центерра" менен сүйлөшүү жүргүзүүдө кыргыз тараптын кызыкчылыгына каршы келген чечимдер менен меморандум алып келди. "Сатыбалдиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, жоопко тартыш керек",- деди Алымбеков.  

Депутат "Кумтөр" боюнча канадалык тараптын бир катар былык иштерин да баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан