Биз социалдык тармакта

Депутат: "Баткенге жардам иретинде чогултулган каражат жең ичинен болуп кетпесин"

"Баткенге жардам иретинде чогултулган каражат жең ичинен болуп кетпесин", - деп бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Бурун Аманова билдирди.

"Баткендеги үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн 200 миллион сом керектелет деп айтылды. Элден түшкөн каражат 86 миллион сом болчу. Жеке компаниялар дагы үйлөрдү курууга жардам беребиз деген маалыматтар бар. Курулуш компаниялардын өкүлдөрүн чакырып, иш алып баруу керек. Элден чогулган каражат тууралуу маселени жең ичинен болуп кетпесин деген ниетте айтып жатам", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
URTI
2021-05-24 12:32:49
Силер дейсиңерби жеп ийе турган!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан