Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин катышуусу менен Москва шаарындагы төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген 3 наристе Кыргызстанга жөнөтүлдү. Балдарды мекенине алып келүү үчүн Социалдык өнүгүү жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринин өкүлдөрү Орусиянын борборуна жөнөп кетишкен эле. Элчиликтин 23-октябрдагы билдирүүсү боюнча Орусия менен Кыргызстандын биргелешип иш алып баруусунун натыйжасында балдар мекенине жөнөтүлүп келет. Энелери баш тарткан балдар төрөлгөндөн кийин бир нече убакыт Орусия мамлекетинин карамагында болуп турат. Бул жолу мекенине учканга чейин 6, 8 жана 10 айлык наристелер Москвадагы №14 балдар үйүндөгү социалдык, медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө болуп турду. Элчиликтен берген маалымат боюнча азыркы тапта жаш балдардын Кыргызстандагы туугандарын издөө иштери башталды. Жакын туугандары табылбай же багуудан баш тартышса, алар интернаттарга жайгаштырылат.