Биз социалдык тармакта

Бишкекте +34. Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 25-майда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр, бийик тоолорго кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Баткен, Талас облустарынын кээ бир аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу жерлеринде жаан-чачын болот. Түштүк-чыгыштан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +30...+35,

Талас жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +28...+32,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +23..+.28,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз +9...+14 градус.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +16…+18, күндүз +32…+34 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан