Биз социалдык тармакта

Бишкекте мектеп жана бала бакчанын курулушуна кайрадан тендер жарыяланды

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунун Тагай-Бий жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы мектептин, ошондой эле Дордой конушундагы бала бакчанын курулушуна кайрадан сынак жарыяланды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, Ак-Ордо жаңы конушунда жаңы билим берүү уюмунун курулушунун баштапкы сметалык баасы 195 миллион 959 миң 79 сомду түзөт. Арыздардын ачылышы 2021-жылдын 14-июнунда болот.

"Дордой жаңы конушундагы бала бакчанын курулушуна 48 миллион 398 миң 113 сом каралган, арыздар 2021-жылдын 10-июнунда ачылат.

Каражат Бишкек шаарынын бюджетинен каралган.

Тендер борбордук мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу өткөрүлөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан