Биз социалдык тармакта

Акимдин акыркы иш күнүндө. Кеминде калкты тейлөө борборунун курулуш иштерине капсула салынды

Бүгүн, 24-майда Кемин районунда калкты тейлөө борборунун курулуш иштерине капсула салынды. Бул тууралуу аталган райондун мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, курулушу башталган борбордо, архитектура, нике каттоо, паспорттук стол жана банк бөлүмдөрү жайгашмакчы.
"Каржылоо булагы райондун өнүктүрүү фондунан бөлүнүп, 31-август эгемендүүлүк алган күнгө карата ачылышы пландалган. Салык кызматынан баштап, ар кыл маалымкат алуулар боюнча бирдиктүү терезелер ачылып, калкты тейлөөдө жеңилдиктер болуусуна багытталган мекеме болмокчу.
Район акими Нурлан Шаршеналиев кеминдиктерге ыраазычылык билдирип, бул иш-чара анын райондогу администрация башчылык ишиндеги соңку күнү экенин айтты. Жаңы акимге ийгиликтерди каалап, Ноокен элине да жан дилинен кызмат кылаарын баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетүүчү жагдай, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Нурлан Шаршеналиев Чүй облусунун Кемин районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болуп дайындалды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан