Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев сот системасынын өкүлдөрүнө жана прокурорлорго каршы митингчилер менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматта жазылгандай, митингдин катышуучулары жана уюштуруучусу Мухтар Шарипов УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге жолугушуп, жөнөкөй жарандарга карата тергөө жана сот иштери жүрүп жаткандыгы, ошондой эле жактоочулардын, эксперттердин, прокурорлордун жана судьялардын мыйзамсыз иш-аракеттери жөнүндө өз билдирүүлөрүн айтышты.
Камчыбек Ташиев митингчилердин бардык катышуучуларына Улуттук коопсуздук органдары арыз ээлеринин ар бир кайрылуусу УКМКнын компетенциясына ылайык жана мыйзамдын чегинде караларын айтты.