Орусиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду узатып жаткандагы видеону Орусиянын "Кремлевский пул РИА" басылмасы жарыялады. Анда эки өлкөнүн лидерлери кыска убакытка баарлашып, андан соң бири-бирине ийгилик каалап, "көрүшөбүз" деп коштошконун көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда иш сапары менен Орусия Федерациясынын Сочи шаарына барды. Мамлекет башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ушул жылдын 28-30-апрель күндөрү болуп өткөн окуяларды жана башка маселелерди талкуулашты.