Баткен облусундагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган айылдардагы 136 тургундун документтери калыбына келтирилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан маалымдашты.
Маалыматка караганда, 24-майга карата 197 адам документтерин калыбына келтирүү үчүн арыз берген. Алардын ичинен:
* ID-паспорт - 79;
* жалпы жарандык паспорт - 14;
* туулгандыгы тууралуу күбөлүк - 60;
* нике күбөлүгү- 8
* адамдын өлгөндүгү тууралуу документ - 7;
* айдоочулук күбөлүк - 19;
* транспорт каражатын каттаган күбөлүк - 8;
* Кыргыз жарандыгын алуу боюнча берилген арыз - 2.
"Булардын ичинен 70 пайызы калыбына келтирилип, 136 адамга берилген. Калган документтер даярдалып бүткөндөн кийин, тагыраагы жакынкы күндөрү тапшырылат", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Документтерди калыбына келтирүү акысыз жүргүзүлүп жатат.