Орусиянын Санкт-Петербург шаарында иштеп жүргөн 31 жаштагы Д.Э. аттуу Кыргыз жараны 22-майда бийиктиктен кулап кетип каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда өлүмдүн жагдайлары иликтенип жатат.
“Сөөктү алып кетүүгө уруксат берилди. Бүгүн, 25-май күнү Санкт-Петербург – Ош аба каттамы менен Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлөт. Ага кеткен чыгымдарды жабуу үчүн кенемте алууга маркумдун жакындарына кеп-кеңештер берилди”, - деп айтылат билдирүүдө.