Кечээ, 24-май күнү саат 18:26да Ош облусунда очогунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
"Жер титирөөнүн очогу Жар-Башы айылынан 4 чакырым түштүк-чыгыш, Күлчү айылынан 6 чакырым түштүк-чыгыш, Шибээ айылынан 15 чакырым түндүк-чыгыш, Ош шаарынан 130 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан. Калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү - Күлчү, Жар-Башы айылдарында - 3 балл, Шибээ айылында 2 жарым баллга чейин сезилди", - деп жазылат билдирүүдө.