Алмазбек Атамбаев: "Жаратылышка болгон мамиледен коомдук ойдун түптөлүшүн жана адамдын жоопкерчилигин көрүүгө болот"

 Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 23-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиндецияда өтүп жаткан ак илбирсти сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк форумга катышып: "Жаратылышка болгон мамиледен коомдук ойдун түптөлүшүн жана адамдардын жоопкерчилигин көрүүгө болот", - деди. Андан ары дүйнө жүзү боюнча миллиондогон эл сейрек кездешчү жаныбарды сактоого бардык күчүн жумшап жатканын белгилеп: "Илбирс байырлаган өлкөлөр арасында аталган жаныбарды сактап калуу үчүн бүткүл дүйнөлүк форумду өткөрүү демилгебиз колдоо тапканына ыраазымын. Ошондой эле жаратылышты коргоо боюнча иш алып барган бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын көргөзгөн колдоосу да кубандырат. Мен кыргыз элиме кайрылгым келет. Ак илбирс илгертеден кыргыз баатырларын колдогон ыйык жаныбар болуп келет. Бекеринен кыргыздын биринчи каганын Барсбек деп аташкан эмес. "Манас" эпосунда Манас баатырдын колдоочуларынын бири ак илбирс болгон деп айтылат. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов бул жаныбарга көп көңүл бурган. "Тоолор кулаганда" аттуу акыркы чыгармасынын аталышы да бекеринен эмес",- деди президент. Мындан сырткары акыркы 2 жыл ичинде илбирстин саны эки эсеге азайып кеткенин белгилеп, Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" аттуу тасмасында илбирстин тукумунанбыз деген кыргыздардын тарыхы баяндаларын айтып өттү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан