Бүгүн, 25-май муфтияттагы финансылык иштер боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Анда “Бакай” коомунун төрагасы Анварбек Төлөмүшев муфтиятты, динди мамлекет көзөмөл кылыш керек экендигин айтты.
“Бакай” 7 дубандын аксакалдары коому президент Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин саясатын кош колдоп колдойбуз. Чек ара, "Кумтөр" боюнча саясатын колдойбуз. Кыргыз элине кайрылып кетет элек, муфтият акыркы 10 жылдын ичинде кыргызстандыктардын ыйманын жеп жатат. Конституцияда дин мамлекеттен тышкары деп жазылып турат. Бул болбойт. Себеби муфтият Кыргыз өлкөсүндө туруп башка мамлекет болуп калып жатат. Муфтиятты, динди президент, мамлекет көзөмөл кылыш керек. Диний эркиндик деп бардык секталарга уруксат берип койдук”, - деп билдирди Төлөмүшев.