Чек ара жаңжалынан жабыркагандар үчүн ачылган эсепке 100 миллион сомго жакын акча чогулду. Мындай маалымат Экономика жана финансы министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.
Андагы маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 92 миллион 65 миң 924 сом, ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ачылган атайын эсепке 2 миллион 218 миң 573 сом чогулган.
28-апрелден 1-майга чейин созулган Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан 36 Кыргыз жараны курман болуп, 189 адам жаракат алды.