Биз социалдык тармакта

Эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарылган мурдагы муфтий Максат Токтомушев Москвага барды

УКМК тарабынан кармалып эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарылган мурдагы муфтий Максат Токтомушев Москва шаарына барды.

Жазира Таалайбекова аттуу Фейсбук колдонуучу мурдагы муфтийдин УКМКга Москвага барып келүү суранычы менен жазган арызын жарыялады. Анда Максат Токтомушев 23-майдан 25-майга чейин Орусиянын Москва шаарына барып келүүсүн жазган.

Анда ал Москвага Мавлид майрамына карата бара турганы жазылган.

Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын мурунку муфтийи Максатбек Токтомушевди үй камагына чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jaz99
2021-05-25 11:55:33
Каалаган жагына барсын силердин ишинер болбосун бул чоон Аалым уктунарбы
+25
jaz99
2021-05-25 11:57:53
Аалымыбызга курулай жалаа жабышты акмактар
+25
Mylatka..
2021-05-25 12:02:23
Үйүнөн чыкса уруулук кылбай ,тартип бузбай кайра адамдарды жакшылыкка чакырып жүрөт жүрө берсин эмнеси жаман
+20
Kyshtak210
2021-05-25 12:35:25
Биз мусулман элбиз, бизди жакшы жолго тарбиялаган аалымыбыз кайсыл жака барсада боло берет, каерге келседа кучак жайып тосуп алабыз.
+17
al-abu-kinesz
2021-05-25 23:58:28
Ушул аалымыбызды эн жакшы кором
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан