Биз социалдык тармакта

Өмүр менен өлүмдүн ортосунда. Эверестти багындыруудагы Эдуарддын элестери

Дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестти кыргыздардан алгачкы болуп Эдуард Кубатов багындырды. Бийиктиги 8848,8 метр болгон бул чокуну багынтуу көп жылдык машыгууну талап кылган.

Альпинист өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына алгачкы жолу өз сезимдери менен бөлүштү. Ал Эверест чокусун 23-май күнү саат 8:35те багындырганын айткан.

"Биздин ак калпак, желек дүйнөнүн эң бийик жеринде. Бул багындыруумду туулган жериме арнадым. Көптөгөн сунуштар, өтүнүчтөр болду. Бирок мен бул жеңишим элим, жерим үчүн гана болорун чечкем. Чокуну багындыруу үчүн болгон моралдык, физикалык күчүмдү аягына чейин жумшадым, акыры жеттим. Бул жаңылыкты мекендештерим күтүп жатканын билдим. Баарыңарды кучактадым, силер үчүн жашайм жана күрөшөм", - деп жазган Кубатов.

Эдуарддын Эвересттен кайрылуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
samsungc3
2021-05-25 13:46:00
Ден-соолук ,аманчылык сизге
+6
al-abu-kinesz
2021-05-25 23:56:22
Буйруса быйылкы жылдан баштап Кыргызстан Эверест сыяктуу дагы башка бийиктиктерге жете берсин, азаматсыз, рахмат сизге!
0
Raik
2021-05-26 15:30:41
Мамлекеттен чоң сыйлык берилсин. Депутаттардын баарынын 1 айлык маянасын тапшырышсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан