Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова 20 жылдык жолугушууга барды. Мамытова социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жарыялады.
Алар Ош шаарындагы №17 Ю.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясында чогуу окушуп, классташ болушкан.
Лунара Мамытова буга чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматын аркалап келген. Ал 2015-жылы "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Ал эми бир нече жыл журналистика тармагында эмгектенген Аида Касымалиева учурда Жогорку Кеңештин вице-спикери. Ал 2017-жылы КСДП фракциясынан депутаттык мандатка ээ болгон.