Быйыл кызгалдак талаасында сүрөткө түшпөгөн социалдык тармактын колдонуучусу калган жок окшойт өңдүү. Көпчүлүк колдонуучулар көз жоосун алган түркүн түстүү сүрөттөрүн жүктөштү.
Алардын арасында Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева да бар. Шагиева социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган сүрөттөрүнүн алдына ар түрдүү комментарийлер жазылган. Бири талаанын жана Шагиеванын сулуулугуна суктанса, бири анын жарым жылаңач түшкөн сүрөтүн сынга алган.