Бүгүн, 25-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 926 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 25-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 926 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 611 метр куб, агып чыгышы 249 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 24-майда суу сактагычта 9 миллиард 895 миллион метр куб суу бар болчу.