Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ак-Тоок айылынын Шабданбай Абдыраманов атындагы мектептин 20 жыл мурун бүтүрүүчүлөрү класс-жетекчисине үй белек кылышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталы аталган мектептин тарых мугалими Жайлоокан Төлөнбаевага байланышканыбызда билдирди.
"20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектепте 36 жыл эмгектенген математика мугалими, класс жетекчиси Упагүл Осмоновага үй салып беришти. Ал мугалим балалуу болгон эмес, пенсияга чыккандан кийин 3-4 жылдан бери шаарда жашап келген. Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт районунан эки бөлмөлүү үй салып беришти. 20 жылдыктын бүтүрүүчү кыздары үйдүн ичин толтуруп беришти, ал эми 10 жылдыктын кыздары муздаткыч алып беришсе, балдарынын көбү Орусияда болгондуктан алар акча чогултуп жөнөтүштү", - деп билдирди Төлөнбаева.