Биз социалдык тармакта

Оштогу мыйзамсыз курулуштар тазаланат

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы мыйзамсыз курулуштар, эскирген гараждарды алып салуу иштери уланат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Манас-Ата кичи районунун Салиева көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы мыйзамсыз курулуштар, эскирген гараждар алынууда.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жарандарды кабыл алууда төмөнкүлөрдү билдирген.
“Кезеги менен шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы тазаланат. Көп кабаттуу үйдөгү эки-үч адам эмес, бардык жашоочулар үчүн пайдалуу болуш керек. Бул маселеде мага сын-пикирлер көп айтылышын да билем. Бирок шаарды шаардай кылып оңдоо иштерин токтотпойбуз”, - деген шаар мэри.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-05-26 10:46:09
Ал жерге журналист Ыдырыс барып,баарын ачыктап,видеого тартып мыйзамсыз курулуштарды коруп жеринен баарын иликтеп чыккан.Эми мэрия баарын алганга духу жетеби же байлардын курулуштары калып,только карапайым элдики алынабы коробуз!?
-1
mirkaa5182
2021-05-26 11:07:39
Тууру алынсын, тазалансын, шаар шаардай болгону жакшы.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан