Биз социалдык тармакта

Өлкө боюнча жыл башынан бери 21 адам сууга чөгүп каза болду

Өлкө боюнча 2021-жылдын башынан бери 21 адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен тогузу 12 жашка чейинки өспүрүмдөр. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 адамга көп.
"Өлкө боюнча сууга түшүү коркунучу бар болгон кооптуу объектилерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мисалы, Нарын шаарында сууга түшүү коркунучу бар делген 10 кооптуу жай бар. ӨКМнын кызматкерлери аталган аймактагы Запин аталышындагы жерде сууга түшүп жаткан 13-14 жаштагы балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү", - деп билдиришти аталган министрликтин басма сөз кызматынан.
ӨКМнын кызматкерлери сууга түшүүчү жайларда этият болууну, өзгөчө жаш балдарды жалгыз таштабоону эскертет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан