Ош. Шаарда бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугуна тандоо туру өтүүдө

Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети спорттун бокс түрү боюнча тандоо турун өткөрүшүүдө. Бул тууралуу аталган комитететтин кызматкери Заир Тагаев бүгүн, 23 -октябрда билдирди. Тандалып алынган спортчулар 17-ноябрда Бишкекте өтүүчү бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугунда күч сынашат. “Учурда шаардагы бардык спорттук клубдардан спортчулар тандоо турунан өтүүдө. Тандоо туру 4 күнгө созулат. Биз ар бир салмак даража боюнча бирден спортчуну тандап алуубуз керек”- дейт бул тууралуу Заир Тагаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан