Баткендеги тажик тараптын агреcсивдүү кол салуусу боюнча экс-президент Аскар Акаев жергиликтүү маалымат каражаттарына комментарий берген.
"Өз учурунда тажиктер биздин түштүк жолдорду "жашоо жолу" деп аташкан. Ал жолдор тажиктерге сырткы дүйнөгө жол ачкан. Алар бизге 1990-жылдары аябай ыраазы болушкан. Биз жардам берген жалгыз өлкө болгонбуз. Саясат, моралдык, экономикалык, гуманитардык жактан колдогонбуз, качкындарды эч кандай чектөөсүз кабыл алганбыз", - деген Акаев.