Биз социалдык тармакта

Бишкектеги сейил бактардын биринде оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Бишкек шаарынын Октябрь районунда дагы бир жашыл аймак реконструкциядан өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев "Физкультурный" сейил бакчасын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы 3 миң 750 чарчы метр аянтка таман таш төшөп, 2 миң метрге жакын тротуардын жээк таштары орнотулууда, 57 отургуч жана таштанды челектери техникалык кароодон өткөрүлөт.

"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы 800 метрге жакын электр чубалгыларын тартты, жерден жанып турган чырактар үчүн 32 бетон пайдубалы орнотулду. Бул багыттагы иштер улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан