Биз социалдык тармакта

Журналист, блогер Эрулан Көкүлов олуттуу оору менен ооруп жатканын билдирди

Журналист, блогер Эрулан Көкүлов олуттуу оору менен күрөшүп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине интервью берип жатып айткан.

"Акыркы убактарда мен өзүмө, туугандарыма, жакындарыма аябай көп убакыт бөлүп жатам. Себеби мен өзүмдүн ден соолугумда олуттуу көйгөй бар деп ойлойм. Бул өтө эле олуттуу оору экенин сезем. Андыктан мага жакын арада жеткиликтүү медициналык жардам керек", - деген Көкүлов.

SUPER.KG порталы Эрулан Көкүловго байланышканыбызда маалыматты тастыктап төмөнкүлөрдү билдирди:

"Азыркы учурда анализдерди күтүп жатам, анализдер жыйынтыгы Германиядан келиш керек. Жыйынтыгы келер менен бир жуманын ичинде дартым тууралуу өзүм маалымат берем", - деди ал.

Белгилей кетсек, Эрулан Көкүлов коомчулукка "Не сахар" долбоору менен белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
TIMON_BERKOWITZ
2021-05-26 13:55:33
Неге чыгаан балдар ооруп кала беришет?
Неге куураткан какбаштар ооруп коюшпайт???
+23
zhaynak
2021-05-26 15:49:18
TIMON_BERKOWITZ, Сен да кызыксын да э, алар качаан камалганда ооруйт.
+11
Alfiya
2021-05-26 14:03:11
Кудай сактасын.Оорубачы сен.
+18
bratanyn
2021-05-26 14:40:18
Эл үчүн кызмат кылган жигит!Дартын берген АЛЛАХ шыпаасын да берет буйруса!
+23
jaz99
2021-05-26 14:46:26
Чыныгы патриот
+16
ibro80
2021-05-26 14:56:03
Сени тааныгандар баары өмүрүңдү тилейт ишенем оомин дешсе Алланын амири менен жакшы болуп кетесиң.Оомин
+18
Raik
2021-05-26 15:19:21
Кудай сактай кор. Өтө деле олуттуу болбосо экен анализдин жыйынтыгы. Сен ооруганча ошентип срогу өткөн товарды элди алдап сатып жүргөндөр оорусун. Арам тамагы аш болбой
+12
Gupa
2021-05-26 15:46:51
Оюң ой боюнча эле калсын, Кудай сактасын, ишке ашпай калсын ылайым. "Деп ойлойм, сезем" деп алдын ала ооруну чакырбасынчы.
+10
AykaMer
2021-05-27 10:06:31
Жакшы адамдар эртең көз жумат деп уккан элем... Көп жашаш үчүн жаман болушубуз керекпи,аа?! Анализ жыйынтыгы таза чыксын, оомийин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан