Биз социалдык тармакта

"Бийликке келгендер, алардын артында тургандар эмнени каалап жатканы түшүнүксүз". "Дело №..." гезити өз ишин токтотконун жарыялады

"Дело №..." гезити бүгүн, 26-майда чыккан жаңы санында окурмандарына кайрылуусун жарыялады. Анда гезитти басып чыгаруу токтотулары айтылган.

"Бүгүн колуңузда гезиттин акыркы санын кармап турасыз. Өлкөдө, анын ичинде гезитте түзүлгөн саясий кырдаалга байланыштуу редакция гезит басып чыгарууну токтотот.

Бийликке келгендер, алардын артында тургандар эмнени каалап жатканы түшүнүксүз. Түзүлгөн абалга байланыштуу гезитти мындан ары чыгаруу мүмкүн эмес деп эсептейбиз", - деп жазылган редакциянын кайрылуусунда.

"Гезиттин чыгуусу гана токтотулабы же редакциянын бардык ишмердүүлүгү токтотулабы" деген сурообузду "Дело №..." гезитинин өкүлдөрү жоопсуз калтырды. Буга чейин аталган редакциянын макалалары гезит бетинде жана гезиттин сайтында жарыяланып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-05-26 14:34:21
Кысым токтой элек экен да,Жапаров деле ак болуп актанганы менен,командасы ото начар адамдар!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан