Биз социалдык тармакта

Ош шаарында акыркы коңгуроо күнү бүтүрүүчүлөр тарабынан тартип бузуулар катталган жок

Ош шаарында бүтүрүүчүлөр тарабынан тартип бузуулар катталган жок. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-май күнү Ош шаарынын аймагында жалпысынан 53 кылмыш жана окуялар катталып, алардын 46сы изи сууй электе ачылды.

"Бул кылмыштардын арасында мектеп бүтүрүүчүлөрү катышкан кандайдыр бир терс окуялар же кылмыш катталган жок. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана Ош шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы ушундай темп менен кызмат өтөөсүн улантышат. Шаар ичиндеги жана шаар сыртындагы посттор өз иштерин дагы эле улантышууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-05-26 14:29:52
Катталды !
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан