Биз социалдык тармакта

Жамгыр жаайт. Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 27-майда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +29...+34,

Талас жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +28...+33,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +22...+27,

Бишкек шаарында түнкүсүн +17...+19, күндүз +32…+34 градус болот, өткүн өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан