Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусунун бир катар айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындады. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
- Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок, Лебединовка, Пригородный жана Ала-Арча айыл өкмөттөрүнүн;
- Жайыл районунун Полтавка жана Кызыл-Дыйкан айыл өкмөттөрүнүн;
- Москва районунун Предтечень жана Садовое айыл өкмөттөрүнүн;
- Панфилов районунун Фрунзе жана Курама айыл өкмөттөрүнүн;
- Сокулук районунун Жаңы-Пахта, Камышановка, Төмөнкү-Чүй жана Гаврилов айыл өкмөттөрүнүн;
- Чүй районунун Он-Биржылга, Шамшы, Сайлык жана Чүй айыл өкмөттөрүнүн;
- Ысык-Ата районунун Ысык-Ата, Нурманбет, Кең-Булуң жана Красная Речка айыл өкмөттөрүнүн шайлоосу өтөт.