Биз социалдык тармакта

"Ысык-Көл" аэропорту Орусиянын 7 шаарына чартердик каттамдарды тейлөөдө

Ысык-Көл аэропорту Орусиянын 7 шаарына, Москва, Санкт-Петербург, Минеральные Воды, Ростов-на-Дону, Уфа, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларына чартердик каттамдарды тейлөөдө. Бул тууралуу «Манас» Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (дүйшөмбү күндөрү). Ошондой эле "Сибирь" авиакомпаниясы Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча жумасына бир жолу (шейшемби күндөрү).

Санкт-Петербург-Тамчы-Санкт-Петербург багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (шейшемби күндөрү) Nordwind Airlines авиакомпаниясы аткарууда.

Минеральные Воды-Тамчы-Минеральные Воды багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (шейшемби күндөрү) "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы аткарууда.

Ростов-на-Дону-Тамчы-Ростов-на-Дону багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (жума күндөрү) "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы аткарууда.

Ошондой эле Nordwind Airlines авиакомпаниясы Ростов-на-Дону-Тамчы-Ростов-на-Дону багыты боюнча жумасына бир жолу (дүйшөмбү күндөрү) учууларды аткарууда.

Уфа-Тамчы-Уфа багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (жума күндөрү) "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы аткарууда.

Екатеринбург-Тамчы-Екатеринбург багыты боюнча учууну "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (ишемби күндөрү) аткарууда.

Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча каттамды жумасына бир жолу (жекшемби күндөрү) "Сибирь" авиакомпаниясы аткарууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан