Биз социалдык тармакта

"Маянама көчөт сатып алчумун". Ээн жаткан 7 гектар жерди жашыл бакчага айланткан Кыяс Молдокасымов

Белгилүү тарыхчы, журналист Кыяс Молдокасымовдун 7 гектар жерди ээлеген бакчасы Бишкектин четиндеги Туңгуч кичи районунун тоо тарабында жайгашкан. Бул жер алгач какырап жаткан ээн талаа болгон, андан соң жылдар бою кылган эмгектин натыйжасында, дал ушундай түркүн мөмө өсүп, теректери бой тиреген бакка айланган.

Учурда бул бакчадагы мөмөлөрдүн баары түшүм бере электигинен сатууда кыйынчылык жаралбайт, себеби кардарлар келип турган жеринен эле дүңүнөн сатып алышат. Толугу менен видеодон көрүңүз.



Кыяс Молдокасымовдун аталган багында алма, кокон гилас, шабдалы, кожогат, кайналы өрүк, кулпунай өсөт. Негизги жардамчылары үй-бүлөсү экендигин айткан багбан бакты алгач өздөштүрүп баштаганда маянасына көчөт сатып алып, аларды бир нече жолу кууратып алгандыгын айтат.

Тарыхчы Кыяз Молдокасымовдун көпчүлүктү кызыктырган багы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
algakaray
2021-05-26 21:01:26
Бак тиксен сообу коп дейт.
+6
ibro80
2021-05-26 21:04:11
Эр эмгегин жер жебейт дейт жерди көктөтсө озу да көктөйт экен
+5
munduz2016
2021-05-27 15:39:38
Багбан экенин билбейт болчумун ушул кишини.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан