Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов 23-октябрдагы маалымат жыйынында "Электр энергияга болгон бааны көтөрүү коомчулук менен макулдашылат" деп убада берди. Мындан сырткары күз-кыш мезгилинде баалар көтөрүлбөшүн кошумчалап: "Эгерде көтөрүлө турган болсо, анда ал процесс инфляцияны эске алып бир нече этаптан өтөт. ЖЭК мамлекеттик департаменти бааларды эсептейт. Андан кийин мекемелер аралык комиссия түзүлүп, алар калк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Антимонополиялык комитет базар экономикасындагы шарттарды изилдеп чыккандан кийин Жогорку Кеңешке беребиз",- деди статс-катчы.