
Жогорку Кеңештин депутаты
Дастан Бекешев президент
Садыр Жапаровду чөйрөсүнө маани бериши керектиги тууралуу пикирин Фейсбук баракчасына жазып калтырды.
"Президенттин душмандары аны сындагандар эмес, анын жанында жүргөндөр жана достору аталгандар.
Саламаттыкты сактоо министри уу коргошун менен Садыр Жапаровду "сызга отургузуп" жатат. Биздин президент орус президенти менен аконит жөнүндө сүйлөшсө дагы, орус тарап мындай сүйлөшүүнү тастыктабайт. Мындай сүйлөшүүлөр олуттуу кабыл алынган эмес жана кулактын сыртынан кетет.
Министр унчукпай эле койсо болмок, биздин президентибизди ыңгайсыз абалга салбай. Садыр Жапаров айлана-чөйрөсүндөгү адамдар тууралуу ойлонушу керек", - деп пикирин калтырган.
Маалымат үчүн:
Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Владимир Путин менен уу коргошун тууралуу сүйлөшкөндүгүн саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген. Бирок министрдин айткандарын президенттин басма сөз кытчысы Эрбол Султанбаев четке какты.