Биз социалдык тармакта

Балыкчы шаарында электромобиль заводу курулат

Балыкчы шаарында электромобиль заводу курулат. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 25-майда Балыкчы шаарына Түштүк Корея мамлекетинен электромобиль заводун куруу боюнча инвесторлор келишкен. Алар электр автомобилдерди 10 жылдык кепилдик менен чыгарышат. Заводдун курулушуна жана кийинки автомобиль чыгаруу иштерине жергиликтүү тургундар ишке тартылып, кесиптик даярдыктардан өтүшөт.

"Кореялык инвесторлор менен шаар мэринин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек жолукту. Жетекчи Кореядагы электр автомобиль куруу компаниясынын финансы бөлүмүнүн аткаруучу директору Ким Жи Цук, аткаруучу директорлору Ли Кен Дже, Пар Кен Хе жана башкы директору Ан Юн Жун менен сүйлөшүү учурунда Балыкчы тогуз жолдун тоому болгондуктан соода-экономикалык, темир жол жана автотранспорт байланыштарынын түйүнү экенин баса белгиледи.
Завод үч этап менен ишин баштайт. Биринчи этапта 65 миң, экинчи этапта 300 миңден ашык автомобилдердин чакан жана "Минивен" сыяктуу ар кыл түрлөрүн чыгарышат. Автомобилдер экологияга терс таасир этпейт жана электр тармактары жыш аймактарда батареялык энергия алуучу түйүндөрү болот. Алыскы аймактарда автобатарея кубатына күндүн энергиясы пайдаланылат. Алгач автотетиктер башка мамлекеттерден алынып, кийин Балыкчыда тетиктер жасалаары айтылды", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
algakaray
2021-05-26 21:15:51
Кана эми ушу ишке ашса. Айтылып эле кала бербей создон ишке отолу. Кошуналар самолёт чыгара баштады биз да жата бербей ойгонолу.
+12
Agayu
2021-05-26 22:29:43
Геп ишке ашса. Сонун болмок
+4
Mastura90
2021-05-26 22:49:41
Ошто курулат деп жатышкан элего ал эмне болду
+6
Mister-XXX
2021-05-26 23:08:47
Mastura90,Ошто электроавтобусдар чыкса керек эле.
+6
Aibek_eka
2021-05-26 23:07:35
Акча сурап уят кылбай эл жер учун таза иштеп завот салабыз десе ачкоздонбой салдыргыла онуголу осолу бизда
+6
Zumrudianka
2021-05-27 07:40:23
Aibek_eka,доля сураган каяка барып отуруп калаарын билишти уже Аллаага шугурлор болсун кысыыыып иштей башташты а конуп калгандар тор артын толтуруп атышат. Аллахка чексиз шугурлор болсун а Садыр Нуркожоевичке чоон рахмат кундо кун алыс жакшы жанылык угуп атабыз мамлекеттин пайдасына
+2
Dembele84
2021-05-26 23:23:44
Ошондой заводдорду салып,озубуздун жаштарды окутуп уйротуп ошолорду иштеткиле.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан