Молдоев Акматалы: Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында светти текшерип, көзөмөлдөөчү адис жок

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Молдоев Акматалы айылда электр энергиясын текшерип, көзөмөлдөөчү адис жок экендигин 23-октябрда аталган айылдын эли менен вице-премьер-министр Токон Мамытовдун жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, электр энергиясы үзгүлтүккө көп учураганына карабай элдин карызы көп. «Жарык берилбегени аз келгенсип, ар биринин орточо эсеп менен электр эренгиясына 20 000 сомдон карызы бар. Электр энергиясы жарытылуу берилбей жатып көрсөткүч абдан жогору чыгып келгенине таң калабыз»,- дейт Молдоев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан