Инстаграм социалдык тармагынын жетекчилиги тиркемедеги посттордун астына "жакты" белгисин жашырууга мүмкүнчүлүк берген функцияны кеңири масштабда ишке киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Мындан ары колдонуучулар Инстаграмдагы билдирүүлөрүнүн астына "жакты" эсептегичти жашырууну же жашырбоону, же өзүнүн жаңылыктар түрмөгүндөгү "жактылардын" санын жашырууну өзүлөрү тандай алышат", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, бул функция буга чейин бир нече өлкөлөрдө сыналган. Социалдык тармактын ишиндеги жаңылыктар узак тестирлөөнүн, ошондой эле колдонуучулардын пикирлерин изилдөөнүн натыйжасы болуп саналат деп белгилешкен компаниядан.
Тестирлөөнүн жүрүшүндө айрым колдонуучулар жаңы функцияны оң баалап, инновациянын натыйжасында социалдык кысымды аз сезишкени аныкталган. Ошол эле учурда ушул сыяктуу эсептегичтин жашырылышын терс кабыл алган колдонуучулар бар, анткени бул Инстаграмда түшүндүрүлгөн популярдуу материалдарды кароого мүмкүнчүлүк бербейт.