Биз социалдык тармакта

Айзада Канатбекованы ала качууга айыпталган баланын эжеси: "18 жаштагы инимди ала качууга мажбурлашкан"

Бүгүн, 27-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы ала качкандар боюнча биринчи соттук отурум болуп өттү.

Анда 5 айыпталуучунун иши каралып жатат. Алар: Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажыкабыл Рысбай уулу, Замирбек Раманкулов, Орузбек Нурумбетов. Булар Айзаданы ала качкан Замирбек Теңизбаевге жардам беришкен деп шектелишүүдө.

Ал эми ишти судья Салтанат Эсенкулова карап жатат.

Судья айыпталуучуларды өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу сот залына алып келе албай турганын, алар сотко СИЗО-1ден онлайн катыша турганын айтты.

Ал эми бүгүнкү соттук отурум айыпталуучулардын биринин жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу 11-июнга жылдырылды.

Айыпталып жаткан Сыймык Молдосариевдин эжеси бул окуяга ал капыстан катышып калды дейт.

"Мен Молдосариев Сыймыктын эжеси болом. Иним 18 эле жашта. Ал Нарын облусунан болот. Ал ошол окуя болор түнү Нарындан Бишкекке автобус менен келген. Аны вокзалдан айыпталып жаткан 4 бала кармап алып, акчасын алып, телефонун ломбардга коюп, өзүн окуя болгон жерге ээрчитип барган. Анан ары ошол балдардын башкаруусунда жүрө берген. Андан кийин аны кыз ала качууга мажбурлашкан.

Иним кызды ала качкан видеодо жүрөт. Ал эшиктерди ачып берген. Ал нес абалда жүрө берген. Биздин бала тигил айыпталып жаткандарды тааныбайт. Алар кызды ала качкандан кийин вокзалдан кайра аны таштап коюшкан. Андан кийин ал кайра Нарынга келе берген. Милиция кызматкерлери инимди он күндөн кийин кармап кетишти. Айзаданын апасынан кечирим сурайбыз. Ал студент, экзамендери башталды.

Бул 4 бала инимдин телефонун ломбардга алып барганда коду бар экен деп албай коюшуптур. Иним аны сатып башка телефон алмак экен.

Үйдө апам, байкем 2-чи топтогу майып. Иниме дагы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында акыл-эсинде маселе бар деп чыгарышты", - деди айыпталуучунун эжеси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bek.94
2021-05-27 11:44:23
Жомокту айтпачы кантип эле ушундай болуп калсын мурдакы заман эмеско журо бергидей
+7
Zarema11
2021-05-27 12:37:35
Жомок окшошпой калган го.
+5
bond02
2021-05-27 13:20:16
Токуп жатат эжеси, бирок окшошпой жатат.
+4
Janna19
2021-05-27 13:53:24
Жөндөн жөн кармабайт,жаш деп эле коё бербеш керек.Жашыбы карысыбы, үй бүлөсүндө кандай маселе болбосун жазаланышы керек.Акыл эсинде мандем бар болсо экзаменди кантип тапшырат жана кантип окуп жүрөт?Карандай калпты айтпасын эжеси.Колу менен жасаганды башы менен тартсын эч кимисин аябаш керек.Эгерде ушул бешенүн бирөөсү эле актала турган болсо кайра митинг кылыш керек.Баары жазалансын жазаланган да да аябай оор жаза бериш керек.Бирөнүн ак мончок жалгыз кызынын өлүмүнө себепкер.А
+6
Janna19
2021-05-27 13:59:55
Ошол убакта нес абалда жүргөн болсо он күн бою эмне жатты үйүндө?Мажбурлаганы чын болсо барбайт беле ошондо,мени мажбурлашты деп.Эч кандай жеңилдик бербеш керек!Эгерде Айзаданын апасы окуп калган болсо,эже эч кимисине тосмо арыз жазбаңыз.Эч кимисин кечирбеңиз,жашында карысынада, оорулуусуна да карабаңыз.Алар ошол убакта сиздин кызыңызды аябаган,сиз аямак белеңиз.
+5
Nina.alex
2021-05-27 14:54:01
Кантип эле тааныбаган бироону кыз ала качканга мажбурлашат??? Мени бироо вокзалга барсам ,жур биз менен кыз ала качышасын десе,милицияга чуркамак эле,жардамгаааа деп кыйкырып
+4
Datka7777
2021-05-27 15:40:11
Акыл эсинде проблема бар болсо студент болобу?
+4
JaneEr
2021-05-27 18:19:38
Кой ээ,окшошпой калыптыр(((
+4
Ala.too.456
2021-05-28 00:40:44
Эми бир жагынан караганда, жомогу окшошобу, окшошбойбу эжеси иниси учун болгон аракетин жасап жататда....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан