Биз социалдык тармакта

Президент Садыр Жапаров Лейлек районунун Максат айылына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Лейлек районунун Максат айылына барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы талкаланган объектилерди, анын ичинде өрттөлүп кеткен мектепти барып көрүп, жаңы курулуп жаткан 2 кабаттуу 100 орундуу жаңы бала бакчанын долбоору менен таанышты.

Ошондой эле президент жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алар менен сүйлөшүүдө мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жөнүндө кеңири айтып берди. Анын айтымында, бул маселенин чечилиши аймактын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түздөн-түз байланыштуу.

Мамлекет башчы Баткен облусуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп келе жаткандыгын жана мындан ары дагы бериле берерин баса белгиледи. Президент бир дагы жергиликтүү тургун жардамсыз калбайт. Ошондой эле гуманитардык жардамды даректүү бөлүштүрүү зарылдыгына көңүл буруу керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
jaz99
2021-05-27 12:43:24
Молодец президент
0
-FREEDOM-
2021-05-27 12:58:59
Азаматсыз,Садыр Нуркожоевич алга!
+3
Kuban-1207
2021-05-27 15:26:56
Садыр алга
-1
Marni
2021-05-27 17:01:39
Кыйратыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан