Бүгүн, 27-майда биринчи айым Айгүл Жапарова коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысовага байланышканыбызда маалым болду.
Маалыматка ылайык, Жапарованын үйүнө мобилдик бригада барып кытайлык "Sinopharm" вакцинасынын биринчи дозасын беришкен.
Белгилей кетсек, 29-мартта Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталган. Алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өттү.