Биз социалдык тармакта

Эртеңкиге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 28-майда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34;

Талас жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12 градус болот.

Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +16…+18, күндүз +32…+34 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан