Биз социалдык тармакта

Вакцина алуу үчүн үйгө мобилдик топту чакырса болобу? (жооп)

Үйгө мобилдик топту чакырып вакцина алса болобу? деген суроо менен Республикалык эмдөө борборуна кайрылып көрдүк. Алардын айтымында, бардык жаран мобилдик бригаданын кызматынан пайдалана алат.

Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги медицина кызматкерлеринин саны аз болгондуктан ар бир үйгө бара албай турганын жана мобилдик топтор макулдашуу боюнча уюмдарга барышарын билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 27-майда биринчи айым Айгүл Жапарова коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн. Жапарованын үйүнө мобилдик бригада барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан