Баткен облусунун аймагында 24-майдан 26-майга чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери ‘’Тонировка’’ аталышындагы рейд өткөрүштү. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган иш-чаранын жүрүшүндө эки күн ичинде жол эрежелерин бузган 130 айдоочу аныкталды.
Анын ичинен:
- 8 айдоочу мас абалда;
- 4 айдоочу өз алдынча ар кандай жол эрежелерин бузган;
- 1 айдоочу майда бейбаштык менен кармалды.
Калгандары ар кандай жол эрежесин бузгандар. Арасында убактылуу токтотулуучу айып короого токтотулгандар дагы бар.