Бишкекте 38 жаштагы Медер Мамбетов аттуу жаран дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-май күнү Ленин райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 1983-жылы туулган Медер Мамбетов аттуу досу 12-май күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен Ош облусуна кетмекчи болуп чыгып кеткен бойдон белгисиз болуп жатканын билдирген.
"Бою 180-183 сантиметр арык чырай келген, чачтары кара түстө. Оң колунун ортоңку манжасы ийри. Кетеринде боз түстөгү спорттук кийим жана көк шапка кийип кеткен", - деп жазылган арызда.
Милиция сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, кабарлап коюуну өтүнөт: 0312 352-605, 0312 444- 457, 0312 352-632, 0312 352-947, 0707 557-887, 0701 644-403 же 102.