Эртең, 28-майда "Унаа" ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең, 28-майда Төмөнкү Ала-Арча айылында электр берүү линияларында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Төмөнкү Ала-Арча айылы Школьная, 7а дарегинде жайгашкан "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт.
"Транспорт каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик кызмат Бишкек шаары, Валиханов көчөсү 2 дарегинде жайгашкан АвтоКТБда жеткиликтүү болот", - деп жазылат маалыматта.
Каттоо кызматы жарандардан жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.