Бүгүн, 27-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Elite House" курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Файзиев коррупцияга катыштыгы бар деп шектелүүдө.
"Тимур Файзиевге тиешелүү кылмыш иши боюнча материалдар сотко келип түштү. Бүгүн сотто отурум өтүп, анда анын баш коргоо чарасы тандалат", - дешти райондук соттун маалымат кызматынан.