Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсүндө жүргөн Тажик жарандары кайсы өткөрүү пункттары аркылуу чыгып кетсе болот? (Тизме)

Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Тажикстандын жарандары беш өткөрмө пункту аркылуу чыгып кетсе болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, бул министрлер кабинети тарабынан убактылуу чектөөлөрдүн киргизилишине байланыштуу. Алар:

- "Кулунду - автожол";
- "Кайрагач - автожол";
-"Кызыл-Бел - автожол";
- "Бордобо - автожол";
- "Карамык - автожол".

Ошону менен бирге министрлик убактылуу чектөөлөр Тажикстан Республикасынын жарандарына - чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын кызматкерлерине жайылтылбай тургандыгын белгилейт.

Эске салсак, 21-майда Кыргыз өлкөсү Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jukebay
2021-05-28 10:02:15
Боодобо деген сөз болмок беле, Бор-дөбө болушу керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан