Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорлугуна шайлоо өтөт. Бул тууралуу аталган окуу жайдын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматка караганда, окуу жайдын ректорлук кызматына шайлоо 29-майда өтөт. Ректорлук кызматка төрт талапкер аттанган. Алар:
1. Медицина илимдеринин доктору, профессор Зиябидин Айдаров;
2. Медицина илимдеринин доктору, профессор Эркин Алымбаев;
3. Медицина илимдеринин доктору, профессор Индира Кудайбергенова;
4. Медицина илимдеринин доктору, профессор Жолдошбек Шаршенбиев.
"Шайлоо кампаниясынын тартибине ылайык, талапкерлер шайлоочулар менен жолугуп, өз программаларын сунуштап жатышат. Шайлоочулардын саны 800гө жакын. Алардын арасында академиктер, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттери, кафедра жетекчилери жана аталган окуу жайдын бөлүм башчылары бар. 28-май үгүт иштеринин акыркы күнү", - деп айтылат маалыматта.