Биз социалдык тармакта

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 20 жаштагы Айдана Сатыбалдыева Москвадан табылды

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 20 жаштагы Айдана Сатыбалдыева Москвадан аман-эсен табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 22-майда Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине 2001-жылы туулган жаран Айдана Сатыбалдыеванын белгисиз болуп жаткандыгы боюнча тергөө буйругу келип түшкөн. Ал 21-майда саат 11:00 чамасында Бишкектеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Свердлов РИИБи тарабынан тергөө иш-чаралары башталган.
Милициянын ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү учурунда Айдана Сатыбалдыева 21-майда Бишкек шаарынын "Манас" аэропорту аркылуу Москвага учуп кеткендиги аныкталган.
Буга чейин кыздын туугандары аны Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн бирине кетмекчи болгонун билдиришкен. Буга байланыштуу ИИМ эл аралык издөө жарыялаган.
"Шереметьево" аэропортуна келгенден кийин анын атына билет ошол эле күнү учуп кеткен Москва-Сургут багытында сатып алынгандыгы аныкталды.
Орусия Федерациясынын Ханты-Мансийск автономиялык округунун Сургут шаарынын укук коргоо органдары кызды издөөгө катышкан. Сургутка келгенден кийин кыз Ямало-Ненецкий автономиялык округунун аймагында жайгашкан башка шаарга поезд менен кеткени жөнүндө маалыматтар келип түшкөн.
Кечээ, 26-майда Орусия федералдык коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлигинин аймактык кызматкерлеринин жардамы менен кыз табылып, апасы менен жолугушкан.
Учурда Орусиянын укук коргоо органдары кыздын туугандарынын жүйөсүнүн негизинде процессуалдык чараларды көрүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Belek1710
2021-05-28 00:17:15
Кайда бармак экен өзү алыска жөнөптүр го!
+3
Altyn10076
2021-05-28 01:30:35
Апасы каяктан жолугуп жүрөт
+3
Akyl78.1501
2021-05-28 05:37:29
Дура
+1
Aiza9797
2021-05-28 07:38:37
Күйөөгө берип салың
+4
Kari
2021-05-28 13:39:05
Саякатчы бака
0
Aidar.001
2021-05-28 14:35:16
Кумалак
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан