Орусиянын Ханты-Мансийск автономиялуу округунда баңгизат сатып жүргөн Кыргыз жараны 9 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу аталган аймактын прокуратурасына шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 27 жаштагы Кыргыз жараны "чек арадан мыйзамсыз өтүү" жана "баңгизат ташуу жана аларды сатуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылды.
Маалым болгондой, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, ошондой эле интернет аркылуу баңгизат каражаттарын сатып жүргөн.